АЙЫРМАЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Алдындагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын кайчылаштырып, жүк артууга жана жаш балага ылайыктап жасалган ээрдин түрү. Мындай ээрге көчкөндө балдарды мингизет. Басмайыл, кошмок, айырмач, Баланын башы байкалды. («Эл адабияты»). Айырмач токуп, тай мингизген ата бар (Сыдыкбеков). Айырмач токуп малга артып, Кайра көчтү эл шашып (Үсөнбаев). 2. Бакандын эт ж.б. илине турган илгич ачалары. 3. Тамдын, сарайдын чатырынын кайчылаштырып орнотулган, үстүнө рейкаларды кагып, шифер же башка материалдарды калкалап жаба турган жыгачтары.